30.08.2018 17:19

СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон дүйнө салды

СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон дүйнө салды

СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон бүгүн, 30-августта 80 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Эске салсак, Иосиф Кобзон 2005-жылдан бери рак илдети менен жабыркап келген. Ушул жылдын 18-июнунда анын ден соолугу начарлап, онкологиялык борборго кайрылган. Ал бир айдан ашуун убакыттан бери химиялык терапия жолу менен дарыланып жаткан.

Иосиф Кобзонго Бүткүл союздук атактуулукту "А у нас во дворе" деген ыры алып келген. Кобзон бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеген. 

1997-жылы Мамлекеттик Думанын депутаты болгон. Репертуарындагы белгилүү ырлар "Смуглянка", "День победы", "Доченька", "Майский вальс" жана башкалар.